Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Директорлор сынагы: Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлердин тизмеси
29.12.2023 | 18:53
Бүгүн, 29-декабрда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлугуна тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер конкурстун кийинки этабы болгон аңгемелешүүдөн өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу төрагалык кылган конкурстук комиссия талапкерлерди төмөндөгү тандоо критерийлери боюнча аңгемелешүүдөн өткөрдү:
- Окуу жайды өнүктүрүүнүн жакынкы 5 жылга планы;
- Кызматтык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдарды жана документтерди билүү;
- Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү окуу жайларын өнүктүрүүнүн ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларын билүү;
- Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү окуу жайлардын ишмердүүлүгүн болжолдоо жана пландаштыруу, талдоо мүмкүнчүлүгү;
- Өндүрүштүк этика, баарлашуу стили, чыгармачылыкка жөндөмдүүлүк, ишкердүүлүк.
Жыйынтыгында конкурстук комиссиянын чечими менен 11 талапкердин 9у аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өттү:
- Жусупов Адылбек Ишенбаевич – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 2 кесиптик лицей;
- Ботобеков Тынчтыкбек Сулайманович – Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылындагы № 31 кесиптик лицей;
- Абжалиева Нематхон Токобековна – Ош шаарындагы №16 кесиптик лицей;
- Ыдырысов Анарбай Бапыевич – Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылындагы № 29 кесиптик лицей;
- Акпаралиев Сонунбек Абдылдаевич – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы № 21 кесиптик лицей;
- Аматов Медербек Саитович – Бишкек шаарындагы № 4 кесиптик лицей;
- Кулушова Алтынай Токтосуновна – Бишкек шаарындагы № 91 кесиптик лицей
- Апсалиева Айнура Ташболотовна – Нарын облусунун Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицей;
- Мундусбаева Майрамкүл Самаровна – Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы № 37 кесиптик лицей;
Белгилей кетсек, 28-декабрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына тестирлөө жүргүзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар