БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча өлкө чемпионаты башталат
08.01.2024 | 09:05
Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Спорт ордосунда 8-11-январда эркин жана грек-рим күрөшү боюнча өтөт.
8-9-январда эркин күрөш, ал эми 10-11-январда грек-рим күрөшү боюнча балбандар таймашка чыгат.
Мелдештин жадыбалы (эркин күрөш):
8-январь — 57, 65, 74, 86, 97 кг;
9-январь — 61, 70, 79, 92, 125 кг;
Греко-рим күрөшү:
10-январь — 55, 63, 72, 82, 97 кг;
11-январь — 60, 67, 77, 87, 130 кг.
Таймаштар саат 11:00до башталат.