Ажылык-2024. Кыргызстан Сауд Арабиядан кошумча квота сурады

Ажылык-2024. Кыргызстан Сауд Арабиядан кошумча квота сурады

Кыргызстан Сауд Арабиядан ажылыкка кошумча квота сурады. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматка караганда, Замир кары Ракиев Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушууда расмий өтүнүч менен кат тапшырды.

«2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык»,- дейт муфтият.

Белгилей кетсек, быйыл Меккеге зыяратка  6 миң 60 кыргыз жараны бара алат.

Былтыры 6 миң квота бөлүнүп, зыяратчылар 3,9 миң доллар төлөшкөн.

Муфтият калоочуларга VIP-пакет сунуштап, бирок калоочулар болбогондуктан токтотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>