Аскерге баруунун ордуна альтернативдүү кызмат өтөгөндөрдүн саны көбөйдү

09.01.2024 | 14:34

Кыргызстандыктар аскерге баруунун ордуна альтернативдик кызматка акча төлөөнү туура көрөт. Бул тууралуу “Акчабар” порталы билдирди.

Финансы министрлигинин маалыматында, 2023-жылы аскерде кызмат өтөөгө байланыштуу төлөмдөр 31,2 пайызга көп чогулган. 2022-жылдын 11 айында 772,6 миллион сом чогулса, 2023-жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 14,2 миллин сомго жетти.

Белгилей кетсек, альтернативдик кызматтын акысы көтөрүлгөн эмес. Демек өткөн жылы аскерге чакырылган жарандардын көбү акча төлөп кутулууну туура көрүшкөн. Учурда акысы 18 миң -50 миң сом өлчөмүндө.

Коргоо министрлигинин маалыматында, аскерге чакырылган 40 миң жарандын 25 миңи альтернативдүү жолду тандайт.

2023-жылы аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтүн 14 айга чейин узартылды.

Кайсы “чоңдордун” балдары аскерде кызмат өтөгөн? Расмий жооп

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top