Кайсы “чоңдордун” балдары аскерде кызмат өтөгөн? Расмий жооп

Кайсы “чоңдордун” балдары аскерде кызмат өтөгөн? Расмий жооп

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов чоң кызматтарды ээлеген адамдардын кимисинин балдары армияда кызмат өтөп жаткандыгына кызыкты.

Жыйында “2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин биргелешкен материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

“Бүгүнкү күндө депутаттардын, министрлердин, экс-премьерлердин, чоң кызматтагы адамдардын кимисинин балдары кайсыл аскер бөлүктө кызмат өтөп жатат?”, — деп сурады депутат.

Коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов аскердик кызмат өтөөгө келгендер депутаттын, министрдин же премьердин баласы деп бөлүнбөй турганын белгилеп: “депутат Искендер Матраимовдун, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баласы, генерал Камчыбек Ташиевдин балдары кызмат өтөгөн”, — деп жооп берди.

Депутат Шайлообек Атазов эгерде жаран аскердик кызмат өтөбөгөн болсо, мамлекеттик кызматтарга кабыл алынбаган тартибин киргизүү керек деген пикирин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>