Окуучуларды бир мектептен экинчисине которуу процесси санариптештирилетБишкекте «Евразия» паркынын жаш коноктордун тилегин орундатуу боюнча социалдык акциясы аяктадыСууну жоготпоо үчүн ЧЧК бетондолотМоюнга сайган: Бишкекте сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектелип жигит кармалдыЗергерчилик бизнеси чөйрөсүндөгү ишкерлер салыктык жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүнАйпери Токторбаева: Өзүмө өзүм тирекмин. Өзүңдү өзүң тандашың керек
Рейтингдик мелдеш: Тыныбекова биринчи атаандашын жеңди (видео)
12.01.2024 | 16:59
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги биринчи беттешин жеңиш менен баштады.
Тыныбекова таймашты квалификациялык баскычтан баштап, алкачкы беттешинде америкалык Адауго Нвачукву менен күч сынашты. Кармаштын жүрүшүндө атаандашы пассивдүү күрөшкөнү үчүн Тыныбековага эки жолу бирден упай берилди, андан кийин беттештин аяктарында Айсулуу Тыныбекова 2 упайлык ыкма жасап, жыйынтыгында 4:0 эсебинде жеңишке жетти.
1/8 финалда ал кытайлык Яру Ву менен күрөшөт.
Эскерте кетсек, мелдеш Хорватияда өтүүдө.