Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды
Буйрутма менен ишкерди тоноп, өлтүрмөкчү болгондор кармалды
15.01.2024 | 10:54
Жалал-Абад облусунун тургунун үйүнө кол салуу учурунда, кылмыш үстүндө Ш.В. жана К.Р. аттуу жарандар колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Кармалгандардын бири буга чейин соттолгон жана ал буйрутма менен кылмышты уюштурган. Ал жергиликтүү тургунду тоноп, өлтүрүүнү пландаган.
ИИМдин билдирүүсүндө, даярдалып жаткан кылмыш боюнча милицияга маалымат түшүп, анын алдын-алуу аракеттери көрүлөт. Шектүү өзүнө шерик издеп, ири суммадагы акчаны сунуштап келген.
Милиция атайын операциянын жүрүшүндө кылмыштын алдын-алып, адам өмүрүн сактап калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал