Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Салыкка карыз жарандын банктагы эсебинен өндүрүлөбү? Мекеменин түшүндүрмөсү
15.01.2024 | 10:11
Мамлекеттик салык кызматы кандай учурда карыз банктык эсептен өндүрүлөрү тууралуу түшүндүрмө берди.
Мекеменин маалыматында, бул жобо 1996-жылдан бери эле ишке ашырылып келет. Ал Салык кодексинин 85-беренесине ылайык уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептерине гана жайылтылат жана жеке жактарга, же жарандардын жеке банктык эсептерине карата колдонулбайт.
Юридикалык жактар дагы мойнуна алган салык карызынын суммасын төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда гана акча өндүрүлөт.
Эскерте кетсек, буга чейин Салык кызматы карызды өндүрүү үчүн банк эсеби аркылуу, салык постун орнотуу, чыгууга чектөө, соттук өндүрүп алуу чаралары колдонуларын эскерткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика