Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттары менен адам укуктары жана сөз эркиндиги маселелерин талкууладыУлуттук валюталардагы эсептешүүлөрдүн 93%ы жана өнөр жайдын өсүшү ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн башкы жыйынтыктары болду«Нефролайн» Кара-Балтада диализ борборун ачтыСуусамырда кар көчкүнүн астында калган чабандын сөөгү табылдыПарламент Жумгалбек Шабданбековду УКМКнын жетекчиси кызматына дайындоого макулдук бердиЕАЭБ баңгизаттарды жана психотроптук заттарды экспорттоого лицензия алууну жөнөкөйлөттү
Баткенде мыйзамсыз акча ташыган тургун 11,7 млн рубль жана 110 миң доллар менен кармалды
26.01.2024 | 11:26
Баткенде ири өлчөмдөгү акчаны чек ара аркылуу мыйзамсыз ташып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү катары 32 жаштагы Алга айылынын И.И. аттуу тургуну кармалган. Ал өзүнүн унаасы менен эки капка салынган 11,7 млн рублды жана 110 миң долларды Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүп баратканда колго түшүрүлгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесине (экономикалык аткезчилик) ылайык кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.