Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Бийликти басып алуу аракетине айыпталып жаткан Исаковдун соту өттү
26.01.2024 | 18:00
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда активист Гүлжигит Исаковдун соту өтүп, күбөлөр суракка алынды.
Иштин алкагындагы документтердин мазмуну купуя сыр болгондуктан, маалымат берилбейт.
Исаковдун жакындарынын айтымында, айыпталуучуларды чет өлкөнүн атайын кызматтары менен байланыштыруу аракети көрүлүүдө.
“Гүлжигиттин сын-пикирлери үчүн эле куугунтуктап жатышат”, – дейт жакындары.
Белгилей кетсек, Гүлжигит Исаков “Элдик кеңеш” партиясынын жетекчиси Роза Нурматова, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев жана дагы эки жаран бийликти күч менен басып алууга аракетенүүгө айыпталууда.
Алардын баары 2023-жылы 5-июнда кармалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом