Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ИИМ башчылары кызматташууну талкуулады

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ИИМ башчылары кызматташууну талкуулады

ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков Астанада өткөн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ички иштер министрлеринин биргелешкен жыйынына катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик белгилегендей, жыйын Борбор Азия өлкөлөрүнүн калкынын бакубаттуулугу үчүн аймактык кызматташтыкты түзүүгө, достук жана коңшулук мамилелерди жаңылоого жана активдештирүүгө багытталган милдеттерди ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Иш-чарада Ниязбеков мамлекеттин туруктуулугун жана коомдун биримдигин сактоо — ар бир өлкөнүн башкы милдети, ал эми мамлекеттин коопсуздугу — анын аймактагы ийгиликтүү өнүгүүсүнүн жана туруктуулугунун өбөлгөсү экенин айткан.

“Бир гана мамлекеттин күчү менен кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү мүмкүн эместигин баарыбыз түшүнөбүз, анткени анын дээрлик бардык көрүнүштөрү трансулуттук мүнөзгө ээ жана жалпы чара көрүүнү талап кылат. Ошондуктан чек арага жакын аймактары бар коңшулардын ортосундагы биргелешкен аракеттердин жана өз ара ишенимдин макулдашуусу аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун башкы шарты болуп саналат”, — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын Ички иштер министрликтеринин кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү аймактык кызматташтыгынын потенциалын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.

“Болуп өткөн талкуулардын жыйынтыгы боюнча үч өлкөнүн ички иштер министрлери ведомстволор ортосунда кылмыштуулуктун абалы жөнүндө ыкчам, статистикалык жана башка маалыматтарды алмашууну активдештирүүнү, туруктуу негизде маалымат алмашууну уюштурууну максатка ылайык деп табышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекеттеринин Ички иштер министрликтеринин (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан) жыйынынын биргелешкен протоколуна кол коюлду”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>