ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
УКМК кармаган Көлбаевдин кудасы тил кат менен бошотулду
01.02.2024 | 11:33
Маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) кудасы Рустам Турдиев өлкөдөн чыгып кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирди.
Анын бөгөт чарасын өзгөртүү сунушу менен сотко УКМК кайрылган.
Айрым маалыматтарга караганда, Рустам Турдиев мамлекетке 2 миллион доллар төлөп чыкты.
Эскерте кетсек, Көлбаевдин кудасы 7-октябрда «Уюшкан топту түзүү же ага катышууга» шектелип кармалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом