Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Бекешев: Шаардык жана айылдык депутаттардын колу байланды
01.02.2024 | 11:22
Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары азайды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Ал президенттин өткөн жылкы №37 буйругу менен административдик аймактык реформа жарыяланып, анын негизинде шаар жана айылдык кеңештер формалдуу органга айланганын белгиледи.
“Ал буйруктун негизинде жергиликтүү кеңештер айыл жана шаарлардын бюджетин бекитпей калды. Бул ыйгарым укук мэрия менен айыл өкмөтүнө берилди. Аны менен жергиликтүү депутаттардын колу байланып, Конституцияда көрсөтүлгөн укугу кыскартылды. Буйрук Конституциядан өйдө болуп калды”, – дейт эл өкүлү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом