Камчы Көлбаевдин дагы бир кудасы кармалды

Камчы Көлбаевдин дагы бир кудасы кармалды

Маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) кудасы Рустам Турдиев эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка караганда, Рустам Турдиев 7-октябрь күнү кармалган.

Бүгүн сот анын бөгөт чарасын аныктап,  4-декабрга чейин УКМКнын Тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаевдин  экинчи кудасы, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Турсунтай Салимов дагы кармалган. Анын бөгөт чарасы дагы бүгүн аныкталышы күтүлөт. Салимовго «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» айыбы тагылууда.

УКМКнын билдирүүсүндө, кримтөбөлдүн кылмыштуу тобунун 40 мүчөсү кармалды.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Коопсуздук кызматы бүгүн маркумга жана анын жакындарына тиешелүү мүлктүн тизмесин жарыялады. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>