Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Жаңы-Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды
22.02.2024 | 12:20
Ош облусунун Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан Жаңы-Ноокат айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ноокат райондук сотунун 2011-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокаттагы эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана 0,32 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө М.Т. аттуу жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага тиешелүү документтер берилгендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун чечими жокко чыгарылган.
Базар баасы 33 млн 211 миң сомду түзгөн бала бакча менен 0,32 га жер айыл өкмөттүн карамаганы кайтарылган.