“Манас” университетинин иштен алынган 3 кызматкери сотко кайрылган

“Манас” университетинин иштен алынган 3 кызматкери сотко кайрылган

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2020-жылдан бери иштен бошотулгандардын ичинен 3 кызматкери сотко кайрылган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жогорку окуу жайдан билдиришти.

Сотко доо арыз жөнөткөндөрдүн экөө кыргыз жараны, бирөө түркиялык окутуучу.

Белгилей кетсек, Reporter.kg’ге  окурмандардын билдирүүсүндө,  2022-2023-жыл аралыгында окуу жайдын бир нече окутуучусу негизсиз себеп менен иштен алынган.

Университет мурдагы кадрларынын нараазычылыгын дүйнөлүк QS рейтингинин тизмесине киргенден кийин  академиялык кызматкерлерге талаптар күчөтүлгөнү менен түшүндүрөт.

“Ачык-айкындуулук жана колдонулган критерийлер кадр саясатыбыздагы артыкчылык болуп саналат. Кыргыз-Түрк “Манас” университети акыркы 4 жылда университеттердин дүйнөлүк QS рейтинг тизмесинде эл аралык аренада эң мыкты 1000 университеттин катарына кирген алгачкы кыргыз университети болгондуктан, бул статусту сактап калуу үчүн кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралар жүргүзүп, натыйжада кээ бир кадрлардын мобилдүүлүгү боюнча иштер аткарылгандыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш”, — дейт окуу жай.

“Манастын” маалыматында, 2020-жылдан бери 20 окутуучу жана 28 администрадивдик кызматкер өз каалосу менен жумуштан кетип, 22 жумушчу ардактуу эс алууга узатылды.

Жалпысынан 261 кызматкер жаңыдан ишке алынган. Университетте 856 киши иштейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>