Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Кадамжайда мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды
23.02.2024 | 11:54
Баткендин Кадамжай районунда мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициядан белгилешкендей, аңчылык мезгили аяктаганына карабастан, эки жаран Айрыбаз айыл аймагынын Кожо-Кайыр жайлоосунда аң уулоого чыгып, 14 кекиликти аткан. Алар Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда аталган факт каттоого алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
Милиция 20нан 28-февралга чейин Баткенде “Мал ууру”, “Касапчы” аталышындагы иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди.
