Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Бала бакчадагы мушташта 3 жашар бала аёосуз сабалды (видео)
23.02.2024 | 16:30
Алмата шаарынын № 51 бала бакчасында 3 жашар бала ырайымсыздык менен сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарлайт.
Окуя 21-февраль күнү бакчаны кичи тайпасында болгон.
Интернетте жарыяланган видеодо, олтургучта отурган бөбөктү андан узунураак бала жерге кулатып, сабап киргенин көрүүгө болот. Ал буту менен дагы тепкилеп, үстүнө чыгып секирген. Ага башкалар кошулуп, ортого алып тээп, сабашкан.
Бул мезгилде тайпанын тарбиячысы башка бөлмөдө болгону айтылат.
Сабалган баланын баш мээси чайкалып, денесинин баары көгала болуп, ооруканага жаткарылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар