Ысык-Көл облусунда өткөн каратэ-до боюнча ачык биринчиликте Бишкек шаарынын спортчулары жеңишке жетишти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, каратэ — до WKF боюнча Ысык — Көл облусунун ачык биринчилиги Чолпон-Ата шаарында 17-18-февралда өттү. Ага бильярд жана велосипед спорту боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары — шотокан каратэ-до бөлүмүнүн 19 спортчусу катышты.
Кадеттер, балдар жана кыздар арасындагы мелдештин жыйынтыгы:
Ката жана кумите боюнча демонстрациялар боюнча:
Эргашаева Арууке – 1-орун (52 кг, 12-13 жаштагы кыздар арасында, ката);
Камалова Айбике – 1-орун (10-11 жаштагы кыздар арасында, ката);
Рахатбеков Нурсултан – 1-орун (40 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Калдыбаев Дастан – 2-орун (32 кг, 8-9 жаштагы балдар арасында, кумите);
Солтобеков Атай – 2-орун (10-11 жаштагы балдар арасында, ката);
Тургуналиев Исабек – 2-орун (35 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Исмаилов Умар – 3-орун (30 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Бектуров Айдин – 3-орун (40 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Саматов Арнэл – 3-орун (22 кг, 6-7 жаштагы балдар арасында, кумите);
Абдимиталипов Амантай – 1-орун (50 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Саидов Нуртилек – 1-орун (47кг, 14-15 жаштагы балдар арасында, кумите);
Кыдыралиев Рауф – 1-орун (45кг, 12-13 жаштагы балдар арасында, кумите).
12-13 жаштагы балдар арасында:
Жалалов Эмир – 1-орун (40 кг);
Муратов Азиз – 1 орун (35 кг);
Шералиев Радмир – 3-орун (35 кг);
Жолчуев Тимур — 3-орун (35 кг).
8-9 жаштагы балдар арасында:
Палагин Матвей – 2-орун (35 кг);
Морозов Никита-3-орун (26 кг).
10-11 жаштагы балдар арасында:
Нурланбеков Нурэл-2-орун (35 кг).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз