Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бишкекте асма жол качан курулуп баштары айтылды
23.02.2024 | 21:40
Бишкекте асма жолдун курулушу 2024-жылдын май айынын аягында – июнь айынын башында башталат. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов шаардык кенештин 21-февралдагы жыйынында билдирген.
Вице-мэрдин айтымында, ушул айдын аягында Швейцариядан дизайнердин келиши күтүлүүдө, анда кызматташуу келишимине кол коюлат.
«Долбоор алдын ала жактырылган, капсула салуу иши майдын аягы – июнь айынын башына пландалууда. Объект 2025-жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизилери күтүлүүдө», – деди Сазыкулов.
Долбоорго ылайык, асма жол 65 кабина менен жабдылып, күнүнө 50 миңден 100 миңге чейин адамды ташыйт. Долбоор шаардын бюджетинен ар кандай булактардан инвестиция тартуу менен каржыланат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар