Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бишкекте 23 жаштагы кыз алтынчы кабаттан боюн таштады
23.02.2024 | 23:02
Бишкектин Т.Айтматов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде кыз 6-кабаттын терезесинен секирип, каза болду. Маалыматты Свердлов райондук милициясынан тастыкташты.
Маалым болгондой, милицияга чакыруу саат 13:55те келип түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Келгенден кийин кыздын өздүгү такталып, ал 2001-жылы туулган М.Г. экени такталган.
Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталды.
Учурда керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Экспертиза дайындалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар