Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак Түлөбаев мамлекеттик жана саясый ишмер Болот Мамбетовдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү сунуштады.
Ал президентке кайрылып, Ысык-Көл облусунун тургундары өтүнүп жатканын айтты.
«Убагында Исхак Раззаковду алып келгенбиз. Болот Мамбетовдун сөөгүн дагы Москвада таштабасак», — дейт эл өкүлү.
Болот Мамбетов 1961—1968-жылдары Министрлер кеңешинин төрагасы болгон. Ал 1990-жыл көз жумуп, Новокунцевск мүрзөсүнө коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз