Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Жоробековдун соту болду

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Жоробековдун соту болду

Бүгүн, 29-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда активист Афтандил Жоробековдун иши карала баштады. Бул тууралуу “Кылым шамы” коомдук фонду билдирди.

Отурумда прокурор активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктарга чакырык жасоо) боюнча айып тагылып жатканын билдирди.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, процесске лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперт Нурлан Сакпаев келбегендиктен, отурум 12-мартка саат 10:00го жылдырылды. Кийинки отурумда Сакпаев күбө катары суралат.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө, коомчулук, анын ичинде бир катар активисттер ал ойго каршы чыккан. Алардын арасында автивист Афтандил Жоробеков да бар. Жоробеков тууну өзгөртүүгө каршылыгын билдирүү үчүн тынчтык акцияларды уюштурарын жарыялаган. Алгач ал 2-декабрда автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок милиция кызматкерлери акция өткөрүүгө жолтоо болгон.

Андан кийин ал 9-декабрда Бишкектин Горький сейил багында тынчтык митингин уюштурууну пландаган. Бирок ага жетпей эле 7-декабрда активист милиция тарабынан кармалган. Жоробековго “массалык башаламандыктарга чакырык жасоо” беренеси боюнча айып тагылган.

Жоробековдун кармалганына карабай 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөн. Митингде эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>