Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Мартта Токтогул ГЭСинин бир агрегатынын иши токтотулат
29.02.2024 | 14:25
5-марттан тарта Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, №1 гидроагрегат план боюнча 15-февралда реконструкциага берилиши керек эле, бирок аба ырайынын төмөндөгөнүнө жана электр энергиянын тартыштыгына байланыштуу март айына жылдырылган.
“Быйыл эртерек реконструкциага берүү зарыл, себеби кайрадан ишке киргизүү көп убакытты талап кылгандыктан кийинки 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезигилине кирүүгө үлгүрүү керек”, – дейт мекеме.
Учурда Токтогул ГЭСте 1320 МВт кубаттуулуктагы 4 агрегат иштейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика