Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Ошто 31 жаштагы келин менен анын үч баласы иске ууланып каза болду
05.03.2024 | 10:22
Ош облусунун Кара-Суу районунда аял менен анын үч баласы иске ууланып каза болду. Бул маалыматты облустук милициядан ырасташты.
Алардын сөөгү 3-мартта табылган. Маркум аял 31 жашта, балдар 7, 6 жана 3 жашта болгон.
Милициянын маалыматы боюнча, алар үйүндө уктап жатканда, мештен чыккан иске ууланып каза болгону аныкталган. Маркумдардын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Каза болгондордун сөөгү жакын туугандарына ѳткѳрүлүп берилген.