Кыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөтСадыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолуктуПрезиденттике дагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга арыз бердиМыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргизди
Ошто 31 жаштагы келин менен анын үч баласы иске ууланып каза болду
05.03.2024 | 10:22
Ош облусунун Кара-Суу районунда аял менен анын үч баласы иске ууланып каза болду. Бул маалыматты облустук милициядан ырасташты.
Алардын сөөгү 3-мартта табылган. Маркум аял 31 жашта, балдар 7, 6 жана 3 жашта болгон.
Милициянын маалыматы боюнча, алар үйүндө уктап жатканда, мештен чыккан иске ууланып каза болгону аныкталган. Маркумдардын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Каза болгондордун сөөгү жакын туугандарына ѳткѳрүлүп берилген.