Кызыктуу фактылар: Калпак үчүн жазаланган прокурор, ак калпакчан Месси

Кызыктуу фактылар: Калпак үчүн жазаланган прокурор, ак калпакчан Месси

Бүгүн, 5-март — Ак калпак күнү. Бул күндү майрамдап, ак калпак кийүү демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыгып, ал күн 2011-жылдан бери белгиленип келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш «5-мартты Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» расмий токтом чыгарган. Учурда 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары майрамдалып келет.

Бул күндү утурлай Reporter.kg ак калпак менен байланыштуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Ак калпак кыргыздардын улуттук баш кийими. Калпак башты жайында күндүн ысыгынан, кышында сууктан сактайт.

Калпак тууралуу макалдар, учкул сөздөр

«Калпакты жерге койбо»,

«Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң»,

«Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың».

«Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил,

Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил».

Эң чоң калпак

2016-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери бийиктиги эки метрден ашык калпакты жасашкан.

Калпак кийген таанымал адамдар

Ак калпакты белекке алган таанымал адамдардын арасында космоско биринчи болуп учкан Юрий Гагарин, актер Жеки Чан, Украинанын президенти Владимир Зеленский, футболчу Лионель Месси бар.

Калпакка карата ыксыз жоруктар

2017-жылы Бишкекте иттердин көргөзмөсү өтүп, анда итке калпак кийгизген айым интернетте чуу жараткан. Улуттук баш кийимди жаныбарга кийгизгендиги үчүн аны көпчүлүк сынга алган.

Ошондой эле, интернетке ак калпакты козу грилге кийгизген сүрөт чыгып, аны жасагандар да коомчулуктун сынына кабылган.

Калпак кийгени үчүн жазаланган прокурор

Окуя 2020-жылы болгон. Ош шаарынын ошол учурдагы прокурору Кубат Абдраимов 9-май күнү Жеңиш күнүн белгилөө иш-чарасына кызматтык форма менен (фуражканын ордуна) калпак кийип барган. Анын сүрөтү интернетке тарап, аны колдогондор да, сындагандар да болгон.

Кийинчерээк Башка прокуратура кызматтык форманы кийүү эрежесин бузганы үчүн Кубат Абдраимовго катуу сөгүш берилгенин билдирген. Ошондой эле кызматтык этиканы бузганы үчүн ага акчалай сый акы берилбей турган болгон.

Учурда Кубат Абдраимов «Кыргызалтындын» башкармалыгынын төрагасы кызматын ээлейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>