Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойтTunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди
Тайырбек Жумашбек уулу Түркиядагы мелдеште коло утту
10.03.2024 | 21:44
Эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Түркияда өткөн Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде коло байге утту.
Тайырбек Жумашбек уулу беттешти 1/16 финалдан баштап, биринчи беттешинде грузиялык балбанды жеңген. Бирок 1/8 финалда япониялык спортчудан жеңилүү ызасын тарткан.
Япониялык балбан финалга өткөндүктөн, Тайырбек Жумашбек уулу көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алган. Натыйжада ал көңүл жубатуучу кармашта жеңишке жетип, коло үчүн күрөшө турган болгон.
Үчүн орун үчүн беттеште ал ирандык балбан менен кез келип, аны 9:4 эсебинде жеңип, коло байге тагынды.