Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
11-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүшү керек
21.04.2026 | 15:43

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, 2026-жылдан баштап орто кесиптик билим берүү окуу жайларына (колледждерге) кабыл алуу тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги эскертти.
Ага ылайык, 11-классты бүтүргөн абитуриенттерди коллеждердин гранттык жана контракттык орундарына кабыл алуу Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча ишке ашырылат. Буга чейин ЖРТнын жыйынтыгы жогорку окуу жайларына кабыл алууда гана талап кылынып келген.
Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге өтүү үчүн ЖРТ тапшырбайт.
Быйыл Жалпы республикалык тест 16-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Тестке кирүү үчүн жашы 16дан жогору болгон абитуриенттерде паспорттун түп нускасы болушу шарт.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим