Кызмат көрсөтүү — Кыргызстандын экономикасынын локомотиви бойдон калуудаСезондук соода жана тамактануу жайларын күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү сунушталдыКыргызстанда балык чарбасына санариптик көзөмөл киргизилүүдөБишкектин көчөсүндө түтүк жарылып, жол менен короолорду суу каптады. Мэрия жооп бердиЕкатеринбургдагы чет өлкөлүктөрдү кармоо борборунда 40 кыргызстандык жатат. Башкы консулдук алардан кабар алдыЭл аралык уюмдардын инвестицияларынын 60%дан ашыгы эми Борбор Азияга жумшалууда
АКШ Tik Tok платформасын жапмакчы
14.03.2024 | 11:47
Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси Tik Tok социалдык тармагын жабуу боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Бул тууралуу CNN кабарлады.
Долбоор 352 колдоо таап, 65 конгрессмен каршы чыкты. Эми мыйзам долбоорун Сенат карап чыгат.
АКШ Tik Tok тармагынын кожоюну болгон кытайлык ByteDance компаниясына каршы чыгууда. Конгрессмендердин пикиринде, компания Tik Tokтон баш тартышы керек.
Мыйзам кабыл алынгандан кийин социалдык тармакка кытайлык компаниядан бөлүнүүгө 5 ай убакыт берилет. Болбосо ал АКШнын аймагында жабылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын бийлиги дагы аталган платформаны жабуу чечимин кабыл алып, бирок аны ишке ашыруу жолдорун тапкан эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом