Аккредитациядан өтпөгөн медициналык окуу жайлардын студенттери башка ЖОЖдорго которулатЭнергетика министрлиги энергетика тутумун күз-кыш мезгилине, ШКУ жана ДКӨгө даярдап жататЖер алдындагы өтмөктөр курулат: Бишкекте 5-августтан тарта айрым көчөлөр убактылуу жабылат1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар олуттуу жогорулайт — Адылбек КасымалиевToyota Camry’ден 28 килограммдан ашык баңгизат табылып, төрт адам кармалдыСалык кызматы эскертет: Мүлк салыгын төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт
Депутат: Айылдарда ооз ачууга 15 мүнөт калганда жарык өчүрүлүп жатат (видео)
14.03.2024 | 11:26
Кыргызстанда Орозо күндөрү айыл жергесинде ооз ачуу убагына жакын жарык өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Кадырбеков төрага Нурлан Шакиевге кайрылып, бул маселини чечүүнү суранды.
“Орозо күндөрү айыл жергесинде ооз ачууга 15 мүнөт калганда жарыкты өчүрүп жатыптыр. Өчүрсөңүздөр, үнөмдөсөңөр күндүз өчүрүңүздөр. Кечинде тезек жагып, тамак жасашабы? Бул маселени көзөмөлгө алып, чечип бериңизчи. Элдин батасын алат элек”, – деди Кадырбеков.