Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 31 жыл толду
15.02.2020 | 13:23
Бишкекте Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 31 жылдыгы белгиленди. Эскерүү жыйыны Ата-Түрк эс алуу багында ооганчыларга арналып тургузулган эстеликтин жанында өттү.
Митинг-реквиемге ооган согушунун ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
1989-жылдын 15-февралында өзбек-ооган чек арасындагы “Термез” посту аркылуу Ооганстандан Советтик армиянын акыркы аскерлери чыгарылган.
1989-жылы башталып, 10 жылга созулган бул согушка 7 141 кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын 300ү ошол жакта набыт болуп, 504ү жараат алган. Төртөөнүн али күнчө дайыны жок.
Расмий маалыматтар боюнча, учурда 5 миңдин тегерегинде ооганчы ардагер бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом