Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
“Манас” аэропортунда аял киши 1,9 млн сомдук зер буюмдар менен кармалды
09.04.2024 | 11:51
«Манас» аэропортунда алтындан жасалган зер буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кармалган аял Стамбулдан учуп келген. Ал чынжыр, билерик сыяктуу алтын зер буюмдарды кийиминин ичине катып, алып өтүүгө аракет кылган. Салмагы 373,10 грамм болгон жалпы 24 зер буюм алынган. Анын орточо баасы 1 млн 905 миң сомду түзөт.
Аталган факт каттоого алынып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом