Биринчи жолу кыргыз тасмасы Орусияда прокатка чыгат

Биринчи жолу кыргыз тасмасы Орусияда прокатка чыгат

“Бейиш эненин таманында” тасмасы Орусияда прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Ал 11-апрелден тарта Орусиянын 60ка жакын шаарында көрсөтүлүп баштайт.

Маданият министрлиги кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу кыргыз тасмасы Орусияда прокатка чыгып жатканын белгилейт.

Режиссер Руслан Акундун фильми Голливуд жылдыздарынын үнү менен орус тилине дубляждалды. Тасма Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган.

Белгилей кетсек, “Бейиш эненин таманында” Казакстанда 21-мартта көрсөтүлүп баштап, төрт күндө 1 миллион доллар чогулткан. 11-апрелден тарта Өзбекстандагы дагы көрсөтүлүп баштайт.

Андан тышкары, тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>