Айт намаз учурунда Бишкекте 2,5 миңдей милиционер тартипти карайт

Айт намаз учурунда Бишкекте 2,5 миңдей милиционер тартипти карайт

Бишкекте Орозо айт намазы учурунда борбор калаадагы мечиттерде 2,5 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун карайт. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Айт намазга карата Жумабек көчөсү Абдрахмановдон Сүйүнбаев көчөсүнө чейин убактылуу жабылат.

Милиция намаз окула турган жерлерге чоң жана көлөмдүү нерселерди, учтуу, күйүүчү жана жарылуучу заттарды, куралдарды, салют жаа фейерверктерди алып өтүүгө болбой турганын эскертет. Тыюу салынган буюмдар текшерүү пункттарында конфискацияланат.

Милиция жарандарды текшерүү жүргүзгөн кызматкерлердин талабына түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

«Эскерте кетсек, эгер шектүү буюм таап алсаңыз, ага тийбеңиз, милиция кызматкерине же 102 телефонуна кабар бериңиз», — деп билдирет милиция.

Андан тышкары милиция ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого жана майрамдык иш-чаралар өтө турган жерге жалгыз жөнөтпөөгө чакырат.

Эскерте кетсек, Бишкекте Орозо айт намазы 10-апрелде саат 07:30да башталат. Бул жылы өлкөдө айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>