Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Антальядагы асма жол кырсыгынан кыргызстандык аял жабыркады
13.04.2024 | 13:13
Түркиянын Анталья шаарында асма жолдун кабинасы кулашынан Кыргызстандын жараны жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жабыркаган аял тик учак менен ооруканага жеткирилген.
«Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ооруканага барып, медициналык текшерүүнүн натыйжасында далы жана буттун көгөргөн жерлери катталган. Аны ооруканада реабилитациялоону улантуу боюнча макулдашууга жетишилди», – деп айтылат маалыматта.
Түркиялык ЖМКлар маалымдагандай, асма жолдун кабинасынын кулашынан улам бир адам каза болуп, 7 адам жаракат алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар