Укук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылдыТамак-аштагы курттар. Бишкектеги мектепте ызы-чуу чыкты
Ысык-Көлдө аз камсыз 200 үй-бүлөгө бирден музоолуу уй берилди
13.04.2024 | 14:40
Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө 200 баш саан уй тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бодо мал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Кумтөр Голд” компаниясы тарабынан берилди.
Иш-чарага эмгек министри Гүлнара Баатырова катышып, «Социалдык келишим» долбоорунун негизинде, быйыл да 20 миң үй-бүлөгө берилерин айтты. Ошондой эле бул долбоордун алкагында 23 миңден ашык жумуш орун түзүлөрү пландалып жаткандыгын, анын ичинен 1100дөн ашууну Ысык-Көл облусуна туура келерин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар