Өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту
Бүгүн Акжол Махмудов баштаган 5 балбан күрөшөт
15.04.2024 | 09:00
Бишкекте бүгүн Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталат.
Мелдештин биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг), Улан Муратбек уулу (55 кг), Дастан Кадыров (63 кг), Атабек Азисбеков (87 кг), Эрлан Манатбеков (130 кг) килемге чыгат.
Беттештер саат 11:00до башталат. Азия чемпионаты “Бишкек Аренада” өтүүдө.
Бишкекте 11-апрелде башталган мелдеш 16-апрелде жыйынтыкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар өттү. 15-16-апрелде грек-рим балбандыр күч сынашат.