Кыргызстан 2026-жылы азык-түлүк бааларынын өсүшү боюнча дүйнөдө 14-орунду ээледиMUHAMET MALO-2026: Кыргызстандык балбандар 9 медаль жеңдиЧүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларынын комплекси курулатКыргызстандын Министрлер Кабинети Евробиримдик менен соттошуу ниети тууралуу маалыматты төгүндөдү3-мартка карата аба ырайыКыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алуу
Баткенде тургундун үйүнөн алтын буюмдар уурдалган. Шектүү кармалды
17.04.2024 | 14:39
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелген 50 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 63 жаштагы шаар тургунунун үйүнө белгисиз адам кирип, 100 миң сомдук алтын зер буюмдарын уурдап кеткен. Бул боюнча үй ээси 16-апрелде милицияга арыз жазган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү (уурлук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштерининин натыйжасында бул ишке шектүү катары 17-апрелде Жалал-Абаддын Сузак районунун 50 жаштагы О.А. аттуу тургуну кармалды.
Милиция билдиргендей, кармалган аял уурдалган алтын буюмдарды катып койгон жеринен алып чыгып, аларга өткөрүп берген. Зер буюмдар ээсине кайтарылды.