Видео: Чүйдөгү корукта жолдо бараткан ак илбирс видеого түшүп калды

17.04.2024 | 19:55

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгына караштуу “Белең-Теке” коругунда кызматкерлер жолдо бараткан ак илбирсти тартып калышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Аталган корук Бишкектен 60-80 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Коруктун кызматкерлери ак илбирсти 17-апрелде саат 14:00дордо тартып калган. Ак илбирс кишилерди көргөндө тоо беттей качып кеткен.

 

 

Scroll to Top