Депутат: Ошто «Байкөл» мончосу тургундарды ууландырууда (видео)

Депутат: Ошто «Байкөл» мончосу тургундарды ууландырууда (видео)

Ош шаарынын Кулатов кичирайонунда «Байкөл» мончосу тургундарды ууландырууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов билдирди.

Депутатка аталган райондун тургуну кайрылып, мончодон чыккан көө абаны булгап, алардын чечилбеген көйгөйүнө айланганын билдирген.

«Биздин үйдүн жанында мончо бар. 10 жылдан бери жаптыра албай койдук. Абаны аябай булгап, жайы-кышы адамды кууратты. Жергиликтүү телеканалдар тартып көрсөтүштү, жыйынтык болбоду. Прокуратура, мэрияга да арыз бат-баттан жазылат, эч реакция жок.

Терезени ача албайбыз. Балдарыбыз уууланып келет. Жакын турган үйлөрдүн баарына зыян келтирип жатат. Мэрия, экотехинспекция билет. Бирок унчугушпайт. Тааныштары окшойт. Болбосо мынтип абаны булгаганы үчүн дароо жаптырмак», — деген тургун, депутаттан бул маселени чечүүгө жардам сураган.

Депутат Ош шаарынын тургуну жөнөткөн видео менен «Фейсбуктагы» баракчасына бөлүшүп, «Ош шаарынын Кулатов кичирайонунун тургундарын ууланткан «Байкөл» мончосуна чара көрүлөбү?» деген суроо салды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>