Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитетинин жаңы курамы шайландыКамчыбек Ташиев КФБнын президенттик кызматынан кеттиКара-Балта суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоого муктаж – депутат«Росатом» жана Кыргызстандын ӨКМи «Кристалл» заводундагы кооптуу калдыктарды жок кылууга киришетБишкекте соттук эксперттерди даярдоо жана алардын жетишсиздиги талкууландыКыргызстандын аэропорттору өз эшигин эл аралык фаст-фуд түйүндөрү үчүн ачууда
Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Исмаилов жарым финалга чыкты (видео)
21.04.2024 | 12:05
Грек-рим балбаны Амантур Исмаилов Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуп жаткан Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдештин жарым финалына чыкты.
Исмаилов 67 кг салмакта күч сынашууда. Ал таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде түндүк кореялык Ёнг Жин Ро менен кез келди.
Биринчи бөлүктөгү беттештин жүрүшүндө атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн Исмаиловго 1 упай берилип, түндүк кореялык балбан партерге жаткырылды. Исмаилов атаандашын эки жолку көтөрүп чаап, эки ирет тең бештен упай алып, 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Амантур Исмаилов жарым финалда кытайлык Хусиюету Хусиюету менен күч сынашат. Исмаилов бул беттеште жеңишке жетсе, Олимпиада оюндарына жолдомо алат.
Финалдык кармаштар болбойт. Жарым финал саат 18:00до башталат.