Мурдагы депутат Жолдошбаев 150 млн. сом төлөп абактан чыкты

Мурдагы депутат Жолдошбаев 150 млн. сом төлөп абактан чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, абактан бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин 19-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутат мамлекетке 150 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтургандан кийин чыгарган.

Атайын кызмат баш коргоо чарасы өзгөргөнүнө карабастан, тергөө амалдары уланып жатканын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Камчыбек Жолдошбаев 22-февралда УКМК тарабынан кармалган. Ал ээлик кылган «Беш-Сары» ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталган. Компания көп жылдардан бери бухгалтердик кош эсеп жүргүзүп келген. Ошондой эле ЖЧКнын бухгалтериясы салык боюнча отчетторунда соода жайларынан түшкөн пайданы төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келгени аныкталган. Камчыбек Жолдошбаев эки айга камалган болчу.

издин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>