Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калды
УКМК: Бишкектеги гараждан ири өлчөмдөгү баңгизат табылды
29.04.2024 | 13:05
Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизат сакталган жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардагы гараждардын биринен «Мефедрон» баңгизатынын реагенттери (компоненттери) жана Альфа-пирролидинопентиофенон (альфа-PVP) маңзаты табылып алынган. Табылган заттардын 300 килограммы порошок, 360 литр суюктук түрүндө болгон.
УКМК билдиргендей, аталган заттар 10 килограммдан ашык «Мефедрон» синтетикалык маңзатын даярдоого жетмек. Ал 10 миң дозаны түзүп, баңгизат саткандар 500 миң доллар пайда көрмөк.
Атайын кызмат баңгизат менен алектенген адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын белгилейт.