Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калды
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Жолочу Рысбаев дүйнө салды
30.04.2024 | 11:06
Кыргыз Республикасынын Эл акыны, сатирик Жолочу Рысбаев 75 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жолочу Рысбаев Ысык-Көлдүн Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.
Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштөө менен бирге 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.
Чыгармачылык эмгек жолун 1975-жылы Кыргыз телерадиоберүү компаниясында редактор болуп баштаган. 1988-жылы СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Бир катар аңгемелердин, сатилалык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом