Орусиядан кайтып келип, сойкулук менен алектенмекчи болгон жаран кармалды

Орусиядан кайтып келип, сойкулук менен алектенмекчи болгон жаран кармалды

Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Ж.М. сойкулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматында, ал бир ай мурда Орусиядан кайтып келип, 26 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну  М. уулу С. менен бирге сойкулукту уюштурган.

Кардарларды интернет аркылуу издеп, «Дина» деген ысым менен өзүн жарыялай баштаган. М. уулу С. аттуу жаранды кармоо учурунда  “Макаров” тапанчасы алынды.

Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>