Министр: Сузакта жабыркаган 10 бала Бишкекке которулат

03.05.2024 | 13:06

Сузакта «Манас айтуу» сынагы учурунда жабыркаган 10 бала Бишкекке которулат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, окуучулардын абалы туруктуу. Аларга ордо калаадагы №3 Балдар клиникасында дагы операция жасоо пландалууда.

“Балдар ар кандай жаракат алышкан. Сынгандары, ички органдары жарылып кеткендери бар. Боору, көк боору жарылгандарга кечээ операция жасалды. Бүгүн өзүнө келип калышты. №3 Балдар клиникасы жаракат алган окуучуларды кабыл алууга даяр”, – дейт министр.

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, жабыркаган балдардын саламаттыгы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, 3-майга карата Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда. Андан тышкары, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында – 1, Сузак аймактык ооруканасында – 3, Октябрь ЖДПБда – 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Окуяда бир мугалим жаракат алганы айтылат.

“Табалабагыла”. Уюштуруучулар Чүйдө жана Нарында “Манас” айтуу сынагын токтотту

 

Scroll to Top