Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Мыктыбек Оролбай уулу UFC’деги экинчи жеңишине ээ болду
05.05.2024 | 12:14
Кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу (13-1) UFC уюмундагы экинчи беттешинде атаандашын жеңип алды.
5-майда Рио-де-Жанейродо (Бразилия) өткөн UFC 301 турниринде ал жергиликтүү мушкер Элвес Бренер (16-4) менен беттешти. Беттеш 70 килограммга чейинки салмак категориясында өттү.
Ар бири 5 мүнөттөн болгон үч раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти Оролбай уулуна беришти – 3:0.
Кыргызстандык мушкер UFC боюнча дебюттук беттешин 2023-жылдын ноябрында өткөрүп, сербиялык Урош Медичти жеңип, кыска мөөнөттүн ичинде анын ордуна келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт