Алыскы аймактарда үй-бүлөдөгү үчүнчү балага жөлөк пул берилет

Алыскы аймактарда үй-бүлөдөгү үчүнчү балага жөлөк пул берилет

Өлкөнүн алыскы жана бийик тоолуу аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү баласы төрөлгөндө ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Тишелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Камила Талиева, Марлен Маматалиев, Шарапаткан Мажитова жана башкалар болгон депутаттар тобу болду.

Мыйзам долбоору жетүүгө кыйын аймактарда, чек ара тилкелеринде жана өзгөчө статусу бар аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.

«Ага ылайык, үчүнчү бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоору Кыргызстандын алыскы аймактарындагы демографиялык абалга оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, учурда «балага сүйүнчү», «үй-бүлөгө көмөк»,  «социалдык жөлөкпул» жана  ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул бар.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жөлөк пул

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>