23-февраль: Өлкөдө күн ачык болотИнсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салды
“Аялдар жолдо төрөп жатышат”. Жайылда төрөт үйү бир айдан бери жабык
16.05.2024 | 20:00
Жайыл райондук төрөт үйү бир айдан бери жабык турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди.
Анын айтымында, медициналык мекеменин оңдоо иштери аяктаса дагы ачылбай жатат.
“Аялдар Кант шаарына жете албай кыйналып, жолдо төрөп жатышат. Чоң райондо төрөткана жок болуп жатат. 6-май ачылат дешкен дагы эле ачыла элек. Оңдоо иштери деле жок экен”, – дейт депутат.
Жылдыз Садырбаева төрөт үйүнө байланыштуу чырды эске салды.
“Ызы-чууга байланыштуу иштен кеткен медиктер кайра жумушка чыгууга даяр”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом